Өкмөттө 28-октябрда Суу-энергетикалык маселелер боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Анда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Кыргызстанда суу ресурсу кенен болгону менен, тармакка тийиштүү мыйзамдар аз экенин айтты. “Суу-энергетикалык ресурстарды башкаруу системин жакшыртуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты. Суу байлыгын эффективдүү пайдалануу боюнча олуттуу түрдө алектенүү кажет. Калктын жана айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырыш керек”,- деди Маматалиев.
Жыйында комиссия төрагасы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн макулдашылган механизмин иштеп чыгуу максатында комиссиянын бардык мүчөлөрүнө кыска мөөнөттө өздөрүнүн сунуштарын даярдоо тапшырмасы берилди.
Айта кетсек, аталган комиссиянын негизги милдети – суу-энергетикалык маселелер боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо.