Вице-премьер-министр Валерий Диль 28-октябрда алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу системин реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында көмүскөдө спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөрдү ачыкка чыгаруу, алкоголдук товарлардын рыногун мамлекеттик көзөмөлгө алуунун механизмдерине тийиштүү көйгөйлөр талкууланды. Жыйынтыгында Валерий Диль Мамлекеттик салык кызматы менен Айыл чарба жана мелиорация министрлигине алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу, спирт жана курамында спирти бар ичимдиктердин чыгышын көзөмөлдөө системин жайылтуунун үстүнөн карай турган уюшма түзүм түзүү маселесин карап чыгууну тапшырды.