"Ар-намыс" партиясынын лидери
Феликс Кулов бүгүн, 29-октябрда 66 жашка толду. Башында президент
Аскар Акаевдин жакын кишиси катары көптөгөн жогорку кызматтарды ээлеп жүргөнү менен, Куловду көпчүлүк акаевдик режимдин курмандыгы катары таанышты. 2000-жылы 7 жылга эркинен ажыратылган "ар-намысчы" 2005-жылдын 24-мартындагы бийлик алмашууда эркиндикке чыккан.
Курманбек Бакиевдин тушунда вице-премьер-министр, премьер-министр, дирекция жетекчиси болуп иштеген. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо "Ар-намыс" партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, учурда парламенттеги "Ар-намыс" фракциясын жетектөөдө.
Куловдун табиятына кыйкырып оппозицияда жүрүү эмес, көбүнчө бийликтин тилин таап иштөө ыңгайлуудай көрүнөт. Бул нерсе анын парламенттеги 4 жылдык ишинен да көрүндү. Серепчилер Куловго "эт менен челдин ортосунда" деп мүнөздөмө беришкен жайы да бар. Бир мисал: жакында энергетика жана өнөр жай министрлигине мурда соттолгон
Кубанычбек Турдубаевдин сунушталышы боюнча талаш чыкканда, бардык фракция лидерлери "таптакыр болбойт" же "болот, эч кандай тоскоолдук жок" деп позицияларын билдиришти. Кулов гана "бир жагынан туура эмес, экинчи жагынан алганда туура эле" деген пикир айтты. Куловдун акыркы демилгеси Конституцияга өзгөртүү киргизүү, өлкөнүн аталышын “Кыргыз Эл Республикасы” деп өзгөртүү, жаңы окуу жылын мындан ары 1-сентябрдан эмес, 15-сентябрдан баштоо сунушу болду.