Кыргызстандын адвокаттарынын курултайы быйыл 26-ноябрда өтөт. Юстиция министрлиги билдиргендей, иш-чаранын максаты - "КРнын адвокатурасы жөнүндө" мыйзамынын аткарылышын кароо. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда боло турган курултайга 15-ноябрга чейин каттоодон өткөн бардык адвокаттар катыша алышат. Курултайга чейин аймактарда адвокаттардын катышуусунда уставдык документтерин талкуулоо боюнча тегерек столдор төмөнкү график менен өткөрүлөт:
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын адвокаттары үчүн Балыкчы шаарында 2014-жылдын 1-ноябрында;
Талас облусунун адвокаттары үчүн Талас шаарында 2014-жылдын 4-ноябрында;
Ош жана Баткен облустарынын адвокаттары үчүн Ош шаарында 2014-жылдын 10-ноябрында;
Жалал-Абад облусунун адвокаттары үчүн Жалал-Абад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында;
Бишкек шаарынын адвокаттары үчүн 2014-жылдын 13-ноябрында;
Чүй облусунун адвокаттары үчүн 2014-жылдын 14-ноябрында.