Бүгүн, 29-октябрда Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Эки өлкө ортосундагы чек ара тилкелерин тактоо максатында өтүп жаткан делегациялардын жыйынына өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров төрагалык кылууда. Талкуу соңунда эки тарап бейтарап чечим кабыл алышары айтылды.