2015-жылдан баштап 16 жашка толо элек кыргызстандыктар да Орусияга кирүү үчүн чет өлкөгө чыгуучу паспортун көрсөтүүгө милдеттүү

Кыргызстандыктар 2015-жылдын 1-январынан баштап Орусиянын аймагына кирүүдө чет өлкөгө чыгуучу паспортторун (загранпаспорт) көрсөтүүгө милдеттүү. Муну бүгүн, 29-октябрда Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы эскертти. Орусиянын аймагынан сыртка чыгууда да аталган паспорт колдонулат. Муну менен бирге Орусиянын чек арасын кесип өтүүдө 16 жашка чейинки балдар да сыртка чыгуучу паспортун көрсөтүүгө тийиш экени айтылды. Буга байланыштуу кыргызстандыктарга атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөй болду. 
Айта кетсек, учурда кыргызстандыктар Орусияга ички паспорттор (ID-card) жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (16 жашка толо электер) менен кирип, чыгышууда. Жаңы жылдан кийин булар жарабайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан