Кыргызстанда отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик түзүлөт. Тийиштүү токтомдун долбоору Мамлекеттик башкаруу системин оптимизациялоо комиссиясынын отурумунда жактырылганын 29-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жаңы түзүлчү органдын негизги милдети - электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын өндүрүүчүлөр менен колдонуучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулукту камсыздоо, тармактагы лицензия берүү жана лицензиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө, электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы үчүн тарифтерди коюу. Жаңы агенттиктин түзүлүшү менен Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти жоюлат.
Маселе буга чейин Жогорку Кеңеште каралып, колдоо тапкан.