Бүгүн, 29-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы 6 чет мамлекеттин элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Ишеним грамоталарын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Ара Акопович Саакян, Кубанын элчиси Энрике Вальдес де ла Консепсион, Түркмөнстандын элчиси Батыр Ниязлиев, Канаданын элчиси Шон Стайл, Эстониянын элчиси Яан Рейнхольд жана Италиянын элчиси Стефано Раваньян тапшырышты.