Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы астында бүгүн, 29-октябрда Мамлекеттик башкаруу системин оптимизациялоо комиссиясынын отуруму өттү. Жыйында Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасын оптимизациялоо маселеси каралганын өкмөттөн билдиришти. Комиссия аталган кызматты эки баскычтуу (борбор-район) башкарууга өткөрүү максатында Мамлекеттик салык кызматынын Чыгыш, Түштүк жана Түндүк аймактары боюнча региондор аралык башкармалыктарын жоюуну өкмөткө сунуштады. Аталган башкармалыктардын милдети Райондук салык кызматтарына жүктөлмөкчү.