Жаңы мыйзам күчүнө кирди: Кыргызстанда эми жол тоскондор айып пул төлөйт же кылмыш жообуна тартылышат

Кыргызстанда мындан ары мыйзамсыз жол тоскондор жоопкерчиликке тартылышат. Тийиштүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун 29-октябрда президенттик аппараттан билдиришти. Мыйзамга ылайык, автоунаа жолдорун мыйзамсыз тоскон жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 50 000 сом административдик айып пул салынат. Эгер стратегиялык маанидеги жолдор атайын шаймандар, техникалар жана башка буюмдар менен тосулса, анда жеке жактарга 5000 сом, юридикалык жактарга 70 000 сом айып пул салынат же укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен 5 суткага чейин администрациялык камоого алуу каралат. Эгерде жогоруда аталган аракеттер олуттуу зыянга алып келсе, укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен 30 саатка коомдук иштерге тартууга же укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен 5 суткалык мөөнөткө администрациялык камоого алуу каралат. Жогоруда аталган аракеттердин башында турган жетекчиге 10 000 сом, юридикалык уюмга 100 000 сом айып пул салынат же укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен 5 суткага чейин администрациялык камоого алуу каралат. Бул жазалар жолду тосуу мөөнөтү 24 сааттан ашпаган учурда колдонулат. 
Эгер жолду мыйзамсыз тосуу мөөнөтү 24 сааттан ашып кетсе, күнөөлүү тараптарды 1-3 жылга эркинен ажыратуу жагы каралууда. Мындай жаза жол тосуунун кесепетинин канчалык зыян алып келгенине жараша колдонулары айтылды. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан