“Урматтуу мекендештер!
Белгилүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Казы Дыйканбаевдин 100 жылдык мааракеси жалпы кыргыз коомчулугу үчүн зор окуя. Казы Дыйканбаев кыргыз мамлекетинин калыптанышына, өсүп-өнүгүшүнө татыктуу салым кошкон инсандарыбыздын бири. Карапайым дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан улан турмуштун бардык оорчулугун көтөрүп, өз мээнети, ак эмгеги менен бийик даражага көтөрүлгөн. Басмачылыкка каршы күрөшкө катышып, эмгекчилдиги, тырышчаактыгы менен улам жаңы бийиктиктерди багындырган.
Быйыл 70 жылдыгы белгиленген кыргыз дипломатиялык кызматынын түптөлүшүнө жана калыптанышына Казы Дыйканбаев өзгөчө салым кошкон. Республикабыздын улуттук кызыкчылыктарын коргоого жөндөмдүү дипломатиялык кызматты түзүүнүн башатында туруп, тышкы саясатыбызды калыптандырууга көп күч-аракет жумшаган. Ошол эмгеги үчүн СССРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси рангына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына Казы Дыйканбаевдин ысымы ыйгарылган.
Казы Дыйканбаев Кыргыз ССРинин Тышкы иштер элдик комиссары, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, Компартиянын Фрунзе обкомунун биринчи катчысы катары жооптуу кызматтарды аркалаган. Кандай жооптуу кызматта иштебесин, ар дайым элдин ишенимин бийик тутуп, Кыргызстан үчүн татыктуу кызмат өтөдү. Бардык күч-аракетин, билимин жана тажрыйбасын жумшады.
Казы Дыйканбаевдин басып өткөн өмүр жолу, таржымалы - Мекенге чындап берилип кызмат кылуунун мыкты үлгүсү. Дээрлик жарым кылымдан ашуун мезгил бою талыкпай ак эмгек өтөп, жооптуу милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарган мекенчил, жаратман инсан эле.
Элибиздин татыктуу уулдарынын бири, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө, келечектүү коомдун калыптанышына зор салым кошкон инсан катары Казы Дыйканбаевдин ысымы Кыргызстандын тарыхында, ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат".