"Пётр Порошенконун блогу" коалициялык келишим түзүүнү Яценюк менен Садовыйдын партияларына сунуштады

Украинадагы парламенттик шайлоодон кийин "Пётр Порошенконун блогу" коалициялык келишим түзүүнү Арсений Яценюк ("Элдик фронт") менен Андрей Садовыйдын ("Өз ара көмөктөшүү") партияларына сунуштады. Өлкө президенти Пётр Порошенконун партиясы коалициялык макулдашуунун долбоорун сунуштаганын 29-октябрда чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Келишим долбоорунда 13 багытта реформа жүргүзүү талабы белгиленген. Мунун ичинде: бийликти жаңылоо жана коррупцияга каршы реформа, соттук реформа, мамлекеттик башкаруудагы реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жана башкалар бар. 
Эскерте кетсек, Украинадагы парламенттик шайлоодон кийин келип түшкөн протоколдорунун (97,05 пайызы) жыйынтыгы боюнча Арсений Яценюктун "Элдик фронту" шайлоочулардын 22,22 пайызынын, "Пётр Порошенконун блогу" 21,82 пайызынын добушун алышты. "Өз ара көмөктөшүү" биримдигине шайлоочулардын 11,03 пайызы,"Оппозициялык блокко" 9,30 пайызы, Радикалдык партияга 7,44 пайызы,"Батькивщинага" 5,69 пайызы добуш беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан