Казакстандан быйыл Кыргызстанга импорттоло турган электр энергиясынын элге жеткирүүдөгү баасы 4 сом болушу мүмкүн, бирок азырынча так маалымат айтуу кыйын. Муну 29-октябрда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин адиси Канат Миршакировго шилтеме берүү менен Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Адистин айтымында, быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,1 миллиард кубдан төмөн түшүп кетиши мүмкүн. Суунун көлөмү 6,2 миллиард кубдан ылдый түшүп кетсе, агрегаттар токтойт. Буга байланыштуу быйыл Кыргызстан Казакстандан 1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын алганы жатканын билдирди. “Кыргызстан быйыл 7,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрсө, керектөөчүлөрдүн суроо-талабы 9,8 миллиард киловатт-саатты түзөт. Ошондо 2,4 миллиард киловатт-саат электр кубатынын тартыштыгы бар",- дейт Миршакиров.