26-октябрда Түркиянын Стамбул шаарында Жапаркул уулу Рахманкул хандын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Ага Кыргызстандын атынан парламент депутаттары Максат Сабиров менен Абдыманап Кутушев катышып келгенин бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маараке Стамбул шаарынын мэри Ибрагим Караосманоглунун жана Кыргызстандын Стамбул шаарындагы консулу Ренат Түлөбердиевдин демилгеси менен өткөрүлдү.
Эске салсак, Рахманкул хан - саясий ишмер жана аскер кызматкери, ал Памирдеги, андан кийин Пакистандагы, Түркиядагы кыргыздардын башчысы болгон.