Парламенттеги КСДП фракциясы 17-октябрда саламаттыкты сактоо министри кызматына
Талантбек Батыралиевдин талапкерлигин сунуштап, фракциянын чечими өкмөткө жиберилген эле. Ал эми мурдагы министр Динара Сагынбаева аталган министрликтин башчысы кызматынан 24-сентябрда бошотулган.
Бир айдан ашык убакыттан бери Саламаттыкты сактоо министрлигине жетекчи дайындала элек. Дайындоонун кечигиши боюнча депутат Мыктыбек Абдылдаев:
"Конституцияга ылайык, министрликке талапкер 5 күндүн ичинде парламентте жактырылып, кызматка дайындалышы керек",- деген эле.Министрликке жалгыз талапкер кардиолог Талантбек Батыралиев буга чейин Түркияда иштеп келгени айтылган. Анын талапкерлигин колдогон "Жаш медиктер" коомдук бирикмеси Талантбек Батыралиевди мыкты адам, такшалган адис, уюштургуч-менеджер,
коррупциядан алыс турган интеллектуал катары сыпатташкан. Батыралиев өнүккөн технологиянын жардамы менен бейтаптарды
дарылоодо, өз тажрыйбасын башкаларга бөлүшүүдө эмгеги чоң экени белгиленген.