Таласта төө буурчак өткөн жылкыдан эки эсе арзан сатылууда

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 28-октябрда Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушуп, төө буурчактын баасы боюнча маселени талкууга алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда таластыктар коррупциялык схеманын натыйжасында төө буурчакка болгон сатып алынчу баа былтыркыдан төмөн түшүп кеткенин айтышты. Жыйын соңунда Текебаев төө буурчакка болгон сатып алынчу баа боюнча түзүлгөн кырдаал өкмөткө жеткирилип, чара көрүлөрүн айтты.

Жолугушууда көтөрүлгөн маселелер боюнча өкмөткө төмөнкү талаптар коюла турган болду: жүк ташуучу унааларды чек аралардан өткөзүү боюнча Казакстан менен сүйлөшүү, бажы тоскоолдуктарын азайтуу, министрлик тарабынан тийиштүү программаны иштеп чыгуу, кошумча жаңы фирмаларды тартуу, уюшкан кылмыштуулуктун таасирин жокко чыгаруу жана төө буурчакты алганга келген унаалардын Кыргызстанда жүрүү мөөнөтүн узартуу же жокко чыгаруу.

Эскерте кетсек, өткөн жылы төө буурчактын наркы 100-110 сомго чейин көтөрүлсө, быйыл 50-55 сомдон болууда. Кардын алдында калып сапаты начарлагандары 30 сомдон сатылып жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан