Жоомарт Сапарбаев "Кыргызстан менен Кубаны көп нерсе байланыштырып турат" деди

Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев бүгүн, 29-октябрда Кубанын Кыргызстандагы элчиси Карлос Энрике Вальдес де ла Консепсион менен жолугушту. Жолугушууда Сапарбаев элчинин Кубанын дипломатиялык миссиясынын башчылыгына дайындалышы менен өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу байланыштар жана парламенттер аралык кызматташтык мамилелери жандана турганына ишенерин билдирди. "Биз көп тармактар боюнча мамилелерди арттырсак болот. Кыргызстан менен Кубаны көп нерсе байланыштырып турат, Совет мезгилинде көптөгөн кубалык студенттер Кыргызстанда билим алышкан",- деди депутат.

Элчи бүгүн президент Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамотасын тапшырганын айтып, Кубанын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кызматташуу маселелерине токтолду.

Жогорку Кеңештин депутаттык достук тобунун Куба менен кызматташуусу, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышынын келечеги да талкууланганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан