Замбиянын президенти Майкл Чилуфья Сата 77 жаш курагында дүйнө салды. Ал 21-октябрдан баштап Лондондогу ооруканалардын биринде дарыланып жаткан эле. Президенттин кайсы ооруга кабылганы айтылган эмес. Бул тууралуу 29-октябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Африка өлкөсүнүн өкмөтү бул боюнча билдирүү жасай элек. Буга чейин жогорудагы мамлекет башчысынын басма сөз кызматы Сата үй-бүлө мүчөлөрү, жубайы Кристин Касеба менен чет өлкөгө дарылануу үчүн кеткенин маалымдаган.
Өткөн айда ден соолугу начарлап, президент Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөөгө чыга алган эмес. Сата үч ай эл алдына чыкпай жүргөндөн кийин парламенттин сессиясынын ачылышына катышып, өзүнүн өлүмү жөнүндө ушак айтууга эрте экенин билдирген. Мындан ары президенттин милдетин өлкөнүн вице-президенти Гай Скотт аткарышы мүмкүн.
Майкл Чилуфья Сата мамлекетти 2011-жылдын сентябрынан тартып башкарып келген. Замбияда кийинки шайлоо 2016-жылы болмок. Бирок азыркы президенттин кайтыш болгонуна байланыштуу шайлоо 90 күндүн ичинде өтөт.