"Тең укуктуу өнөктөштүккө негизделген кызматташтыктын жаңы форматына өтүшүбүз зарыл. Биз Эл аралык валюта фонду менен биринчи кезекте билим жана мыкты тажрыйба берүүчү институт катары иштешкибиз келет". Мындай пикирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 29-октябрда Эл аралык валюта фондунун миссия жетекчиси Эдвард Гемайел менен жолугушууда билдирди.
Оторбаев өкмөт тарабынан мамлекетти башкаруу системин реформалоо боюнча жол картасы иштелип чыгып, бекитилгенин белгиледи. Аталган фонддун миссиясы биргелешкен жаңы программаны иштеп чыгуу аракеттерин улантары, мунун алкагында 29-октябрдан 11-ноябрга чейин тийиштүү органдардын башчылары менен жолугушууларды өткөрө турганы белгилүү болду.