Украинанын премьер-министри, "Элдик фронт" партиясынын лидери Арсений Яценюк (сүрөттө) "Пётр Порошенконун блогу" сунуштаган коалициялык келишимден баш тартты. Премьер мунун ордуна өзүнүн жеке пландарын сунуштаганын чет элдик ММКлар жарыялашты. Яценюк Львов шаарынын мэри Андрей Садовыйдын "Өз ара көмөктөшүү", экс-премьер-министр Юлия Тимошенконун "Батькивщина" жана Олег Ляшконун Радикалдык партиясы менен биригүү сунушун айткан.
"Биз добуштарды параллелдүү түрдө эсептеп чыктык. Айтып койгум келет, коалиция түзүү процессин "Элдик фронт" партиясы башташы керек. Коалиция куроо боюнча расмий сүйлөшүүлөргө Юлия Тимошенкону, "Батькивщина" партиясын, Андрей Садовыйды, "Өз ара көмөктөшүү" партиясын жана миллион жаран добушун берген Радикалдык партияны чакыруу зарыл деп эсептейм",- дейт Яценюк.
Маалыматка таянсак, Яценюк сунуштаган коалициялык келишимде жыл аягына чейин 36 мыйзам кабыл алуу жагы каралган. Коалицияны "Европалык Украина" деп атоо сунушталды.
Буга чейин президент Пётр Порошенконун партиясы коалиция түзүүнү Арсений Яценюк ("Элдик фронт") менен Андрей Садовыйдын ("Өз ара көмөктөшүү") партияларына сунуштаган болчу.
Эскерте кетсек, Украинадагы парламенттик шайлоодон кийин келип түшкөн протоколдордун (98 пайызы) жыйынтыгы боюнча Арсений Яценюктун "Элдик фронту" шайлоочулардын 22,17 пайызынын, "Пётр Порошенконун блогу" 21,82 пайызынын добушун алышты. "Өз ара көмөктөшүү" биримдигине шайлоочулардын 11 пайызы, экс-президент Виктор Януковичтин саясатын колдогон 6 партиянын биригишинен түзүлгөн "Оппозициялык блокко" 9,30 пайызы, Радикалдык партияга 7,44 пайызы,"Батькивщинага" 5,68 пайызы добуш беришкен.