Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев ноябрь айында Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президент кечээ, 29-октябрда Түркмөнстандын Кыргызстандагы жаңыдан дайындалган элчиси Батыр Ниязлиевдин Ишеним грамотасын алып жатып билдирди. Ошондой эле Атамбаев Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы кыргыз-түркмөн кызматташуусун жаңы баскычына көтөрөрүн айтты.
“Түркмөнстандагы биздин элчилик 10 жылдан ашуун иштеп жатат, эми Кыргызстанда сиздердин элчилик ачылып жатат. Мен Түркмөнстандын бул кадамын жогору баалайм. Ноябрь айынын башында расмий сапар менен Түркмөнстанга барам. Бул кадам кыргыз-түркмөн кызматташуусунун жаңы баскычына жол ачат деп ишенем”,- деди ал.