Оренбург облусунун ишканалары Кыргызстандан эт жана жашылча сатып алууга кызыкдар

Кыргызстандын жашылча-жемиштерин жана эт азыктарын Орусиянын Оренбург облусундагы ишканалар сатып алууга кызыкдар. Муну бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Талант Узакбаев менен жолугушууда Кыргызстандын Оренбург шаарындагы консулу Таалайбек Жандар уулу билдирди. Жолугушууда Оренбург облусунун Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай министри Михаил Маслов Оренбург облусунда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү боюнча потенциалдуу ири ишканалар бар экенин айтып, Кыргызстандын сапаттуу өнүмдөрүн алууга кызыкдар экенин кошумчалады. Депутат Узакбаев Орусия менен Кыргызстандын айыл чарба жаатындагы кызматташуусу боюнча саясий чечимдер кабыл алынып жатканын, ветеринария жана фитосанитария жаатында биргеликте иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү маселелерди да сүйлөшкөнүн парламенттен билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан