Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Орусия менен айыл чарба багытындагы кызматташуусу кыйла жакшырат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев менен Орусия Федерациясынын Оренбург облусунан келген делегациянын жолугушуусунда айтылганын 30-октябрда мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, Оренбург облусунун айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү министри Михаил Маслов башында турган орусиялык өкүлчүлүктүн курамында айыл чарба багытындагы ири ишканалардын жетекчилери, ишкерлери бар. Орусиялык ишкерлер Кыргызстандан уй этин, жашылча-жемиштерди сатып алууга, аны кайра иштетүү боюнча кызматташтыкка даярдыгын билдиришти.
Бул багытта бүгүн орусиялык жана кыргыз ишкерлери Айыл чарба министрлигинде ишкерлер кеңешмесинде жолугуп, кызматташуу багыты боюнча талкуу жүргүзүшөт. Ошондой эле орусиялык өкүлдөр Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов менен жолугуп, айыл чарбасы, кайра иштетүү боюнча пикир алышты. Орусиялык өкүлдөрдү вице-премьер-министр Т.Сарпашев да кабыл алары белгиленген. Жолугушуулардын жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чарба жаатында кызматташтык боюнча түзүлгөн меморандумга кол коюлат.