Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгоо боюнча 28-октябрда Башкы прокуратурага материалдарды берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 30-октябрда прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын айткан басма сөз кызматынын өкүлү текшерүү жыйынтыкталгандан соң депутатка кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриенттин окууга киргендигинин мыйзамдуулугун текшерип чыккан. Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигине жана окуу жайдын ректоратына кайрылып, студенттерди окуу жайга кабыл алууну суранган. Бул текшерүүгө негиз болгон.