Индияда 28-31-октябрь күндөрү Азия өлкөлөрүнүн шайлоо органдары ассоциациясынын Башкы ассамблеясынын жыйыны өтүүдө. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы
Т.Абдраимов баш болгон кыргыз делегациясы катышууда. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда БШКнын башчысы Т.Абдраимов Индиянын шайлоо комиссиясынын жетекчиси С.В.Сампатх менен жолугушту. Анда Индияда 2014-жылдын апрель-май айларында өткөн парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышканы менен кесиптешин куттуктады. Ошондой эле Кыргызстан Борбор Азияда парламенттик башкарууга алгачкылардан болуп өткөнүн айтып өттү.
Сампатх өз кезегинде Индиянын шайлоо системинин өзгөчөлүгүнө токтолду. Тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосунда кол коюла турган макулдашуу менен меморандумду талкууга алышты.