Тайырбек Сарпашев "элди таза суу менен камсыздоо боюнча башталган иштерди өкмөт аягына чыгарат" деди

Бишкекте 30-октябрда таза суу менен камсыздоо долбоорунун алкагында Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынын калктуу пункттарына атайын техникаларды тапшыруу аземи өттү. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев техника ээлерин куттуктап төмөнкүлөрдү айтты: 
"Өлкө айылдарын таза суу менен камсыздоо - өкмөттүн негизги багыттарынын бири. Айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыздоого байланыштуу башталган иштерди аягына чыгарат. Бүгүн биз бул жааттагы дагы бир долбоордун аяктаганына күбө болуудабыз".
Айта кетсек, аталган облустун айыл өкмөттөрүнө 7 экскаватор, 33 мотороллер жана суу чарбасына керектүү жабдуулардын 60 топтому берилгени белгилүү болду. Булардын жалпы суммасы 20 миллион сом экени айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан