Рыскулбек Жапаркулов ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Аны министрликтин жамаатына вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев тааныштырды.
Р.Жапаркулов буга чейин ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.