Кореянын ири банкы Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги сунуштаган логистикалык борборду куруу долбоорун жактырды

Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Айдаралиев Түштүк Кореянын «Эксим Банкынын» аткаруучу директору Сеонг Хеог Им жана “Эксим Банктын” экономикалык кызматташтык фондунун директору Ли Тае Йонг менен жолукту. Министр Т.Айдаралиев Кореяга жасаган жумуш сапарынын алкагында бир нече долбоорлор даярдалгандыгына жана алар кореялык тарапка Экономика министрлиги аркылуу сунушталып жатканына токтолду.

Сеонг Хеог Им мырза Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгы барган сайын жакшырып жаткандыгы кубанарлык экенине токтолуп, Кыргызстандын айыл чарбасынын келечеги үчүн аны өнүктүрүү зарылдыгын айтты.

Эки тараптуу пикир алышуудан соң министр Т.Айдаралиев кореялыктарга Кыргызстанда курула турган логистикалык борбордун даяр долбоорун сунуштады. Кореялык банктын өкүлдөрү эгерде бул долбоордо экономикалык пайда болсо жана ага экономикалык негиздемелер берилсе, анда банк долбоорду колдоп, ага каражат бөлүүгө даярдыгын белгилешти.

Сеонг Хеог Им аларга Кыргызстандын башка министрликтери тарабынан да ар башка долбоорлор сунушталып жаткандыгын, бирок алар негизги басымды агрардык тармакка жасап, КР Айыл чарба министрлиги даярдаган долбоорду тандаганын маалымдады. Бул тууралуу 30-октябрда Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.                                                                                  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан