Эл өкүлү жүзгө жакын кыргызстандык өлкө чегинен чыгып, согуш болуп жаткан аймактарга, анын ичинде Сирия тарапка бет алганын айтып: «100 адамдын 20 пайызы аялдар болуп саналат»,- деди.
Депутаттын айтымында, аялдардын алыстагы коогалаңдуу жерлерге кетишинин негизги себептери – алардын так маалымдар эместиги, социалдык жана экономикалык көйгөйлөр, ошондой эле жалдоочулардын чоң каражат төлөө убадалары, бирок бул алдамчылык.
Мындай абалды жөнгө салуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан эле эмес, дагы башка институттарды, анын ичинде Кыргызстандын Дин башкармалыгын, жергиликтүү бийлик органдарын, жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл.
Депутат тармактык комитет ушул жылдын 17-ноябрында Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп, анда эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында бир катар иш-чаралар белгилене турганын кошумчалады.