Кытайдын Гуандун провинциясындагы Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага провинцияга иш сапар менен барган КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышты. Анын алкагында КРнын ТИМ жетекчиси менен Гуандун провинциясынын губернаторунун орун басары Чжао Юйфан жана Гуанчжоу шаарынын мэри Чэнь Цзяньхуа катышкан эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Гуандун провинциясынын жана Гуанчжоу шаарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, экономика, өндүрүш жана туризм сыяктуу тармактарда активдүү кызматташуу жагы белгиленди.
Иш-чарага Гуандун провинциясынын жана Гуанчжоу шаарынын жетекчилиги, кытайлык бизнесмендер жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.