Өкмөт башчы маданият министрине бул тармакка инвестицияларды тартуу боюнча чет мамлекеттердин тажрыйбасын киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 30-октябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. 

Жолугушууда өкмөт башчы мамлекеттик саясаттын келечектүү багыттарынын бири катары улуттук өзгөчөлүктүн негизин түзгөн маданий, тарыхый жана чыгармачылык мурасты өнүктүрүү болорун айтты. “Маданият жаатында жакшы менеджмент зарыл, ал муундан-муунга өтүп келе жаткан салт жана ишеним баалуулугун сактоого гана эмес, аны өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет”,- деди ал.

Ошондой эле Максүтовго маданият тармагына жеке инвестицияларды жана меценаттарды тартуу боюнча чет мамлекеттердин тажрыйбасын жигердүү киргизүүнү сунуштады. Мындай кадам маданий мекемелерди, тактап айтканда, музей жана театрларды модернизациялоого мүмкүндүк берип, элдик чыгармачылыктын сакталышына шарт түзөт.

Өкмөт башчы министрдин көңүлүн өлкөдө санариптик телеберүүнү киргизүү процессин активдештирүүгө буруп, бул максатта өкмөт тарабынан кошумча түрдө 100 миллион сом бөлүнгөндүгүн билдирди.

Биз сиздерден өлкөдөгү маданиятты жогорулатууга, туристтик тармакты өнүктүрүүгө, ошондой эле маалыматтык камсыздоо тармагын жакшыртууга багытталган конкреттүү, чыныгы реформаларды күтөбүз”,- деди Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан