"Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев - нукура улуу адам, анда көрө албастык сезими жок. Ал бир тууган кыргыз элине жардам берүүгө аракет жасап келет. Ал бизге чын жүрөктөн өнүгүү жана туруктуулук каалайт",- деди бүгүн, 30-октябрда казакстандык журналисттер менен болгон
маегинде КРнын Президенти
Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
"Жакында мен Н.Назарбаев менен жолугушам. Нурсултан Абишевич бардык маселелерди толук түшүнүүгө аракет жасайт. Мага анын акыл-насааттары ар дайым абдан жакшы жардам көрсөтөт. Менин оюмча, силердин бактыңар ушундай биринчи президентиңердин болушунда",- деди Атамбаев.
Казак президентинин интеграциялык процесстерге болгон салымы жөнүндө сүйлөп жатып кыргыз лидери: "Евразиялык биримдиктин түзүлүшү боюнча идея пайда болгонго чейин эле Нурсултан Абишевич биздин аймакта экономикалык жана саясий борбор боло алган Борбор Азиялык биримдикти курууну сунуштаганын көпчүлүгү билбесе керек. Тилекке каршы, Борбор Азиянын ошол кездеги лидерлери бул сунушту колдобой коюшкан. Эмне себептен экенин билбейм, бирок бул чоң жаңылыштык болгон",- деп билдирди.
А.Атамбаев казак лидеринин кыраакылыгы боюнча да өз пикири менен бөлүштү: "Нурсултан Назарбаевдин улуулугу жана даанышмандыгы - анын ондогон жылдарды алдын ала көрө алгандыгы. Бул бир гана биримдикти түзүүгө байланыштуу эмес. Мисалы, Астанага борборду жылдыруудан да муну байкайбыз. Ошондуктан Назарбаевдин бир топ ойлоруна он жылдардан кийин туура баа бере алабыз".