Тайырбек Сарпашев түштүк кореялык инвесторлорго Кыргызстанга банк ачууну сунуштады

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 30-октябрда түштүк кореялык инвесторлор тобун кабыл алды. Жолугушууда өкмөт мүчөсү эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышы жыл сайын кеңейип жана туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. "Өкмөт өлкөнүн экономикасы үчүн Корея Республикасынан инвестиция тартууга кызыкдар. Тактап айтканда, Тамчы аэропортун, "Кайыңды кабель заводун" жаңылоо, алтын кендерин иштетүүгө байланыштуу ири логистикалык борбор куруу боюнча инвестициялык долбоор сунуштайбыз",- деди Сарпашев. 

Мындан тышкары биринчи вице-премьер Кыргызстанга банк ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү инвесторлорго сунуштаганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Кореялык инвесторлор Кыргызстандын каржылык тармагына капитал салууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан