2014-жылдын 9 айында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү дээрлик 72 миллиард сомго аткарылды

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 71 миллиард 902,4 миллион сом суммасында аткарылды же план 91,6 пайызга орундалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы 63 миллиард 775,4 миллион сомду түзгөн. Ички дүң продукциянын көлөмүнө карата республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,1 пайыздык пунктка көбөйүү менен 27 пайызды түздү.

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын Башкы китебиндеги маалыматтар боюнча, республикалык бюджеттин ресурстарынын калдыгы (2014-жылдын 1-октябрындагы абал боюнча) 5 миллиард 102,2 миллион сомду түздү.

Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 2014-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен 50 миллиард 753,7 миллион сом каржыланды же 52 миллиард 724,2 миллион сом суммасындагы пландын 96,3 пайызы аткарылды. 2013-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырганда каржылоо 12,5 пайызга же 5 миллиард 642,5 миллион сомго көбөйгөн.       

Чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча 2014-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен 5 миллиард 533,8 миллион сом каржыланды же 6 миллиард 218,1 миллион сом суммасындагы пландын 89,0 пайызы аткарылды. 2013-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырганда каржылоо 259,7 миллион сомго азайган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан