Бүгүн, 31-октябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында ушул жылдын январь - сентябрь айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары каралат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында бул багытта биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, экономика министри Темир Сариев, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев, транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов жана ички иштер министри Мелис Турганбаев баяндама жасашмакчы.