Эльвира Сариева Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин иш күнүн регламенттештирүү жолго коюлбай жатканын айтты

Вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилиги астында 30-октябрда Республикалык социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча үч тараптуу комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Комиссия отурумунда вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин иш күнүн регламенттештирүү боюнча комиссия чечимдерин аткаруу жаатындагы иштер жетишсиз болуп жатканын айтты. Минималдык айлык акы деңгээлин жашоо минимум деңгээлине чейин жогорулатуу боюнча Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине бюджеттик тармакта иштегендердин айлыгын көтөрүү боюнча консультацияларды жүргүзүү тапшырмасы берилди.

"Комиссия өз курамына иш берүүчүлөрдүн кеңири чөйрөсүн тартуусу зарыл. Комиссия алкагында маанилүү чечимдер талкууланып, кабыл алынат, анда эмгек рыногуна таасир берүүчү чечимдерди кабыл алууга тийиши бар иш берүүчүлөрдүн, профсоюздардын жана мамлекеттик органдардын сунуштарын эске алуу маанилүү",- Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан