Буркина-Фасо: Өлкөнү 27 жыл башкарган президентке каршы чыккандар парламент имаратын өрттөп жиберишти

Батыш Африкадагы Буркина-Фасо өлкөсүн 27 жыл башкарган президент Блэз Компаоренин өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартышына каршы чыккан 2 миңге чукул митингчи 30-октябрда парламент имаратына өрт коюшуп, мамлекеттик телеканалдарды барымтага алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, акция катышуучулары президенттин кийинки жылы кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Анткени парламент Компаоренин кийинки жылы президенттикке барышына уруксат берген конституциялык өзгөртүүлөргө добуш бермек. Демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар орун алып, андан каза болгондор бар экени айтылууда.  

Компаоре 30-октябрь күнү жергиликтүү радиолордон түз эфирде өкмөттүн таратылганын жана калаага өзгөчө кырдаалдар киргизилгенин жарыялады.

“Мен оппозиция лидерлерин нааразычылык акциясын токтотууга чакырам жана кризисти токтотуу үчүн алар менен сүйлөшүүгө барууга убада кылам”,- деп билдирди президент. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан