Актёр Михаил Пореченков Донецкте Украина аскерлерине каршы атышып жаткан жикчилдерге колдоо көрсөтөрүн билдирди

Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, актёр Михаил Пореченков Донецкте Украина аскерлерине каршы атышып жаткан жикчилдерге колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бул тууралуу Пореченков өзү 31-октябрда билдирип, чет элдик ММКларга муну тастыктоочу видео таратты. Видеотасмада актёр Донецктеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жикчилдер менен бирге колуна курал алып ок чыгарып жатканы көрсөтүлөт.

Донецктиктерге колдоо көрсөткөнү келгенин айткан актёр видеодо: “Ички сезимим нормалдуу, адаттагыдай эле. Негизгиси, адам өзүн кармана билиши керек, болгону ошол. Биз колдоо көрсөткөнү келдик, анткени бул жерде бир нече адам тынчсыздануу менен жашап жатат”,- дейт.  

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков өзүнүн интернеттеги баракчасына “Пореченковго согушка катышып жаткандыгы үчүн 31-октябрда кылмыш ишин ачабыз” деп жарыялады. Аваков ошондой эле өлкө Пореченковду Украина аймагына кирүүгө тыюу салуу менен бирге эл аралык издөө жарыялай турганын кошумчалады.  

Айта кетсек, актёр быйыл март айында Орусиянын башка актёрлору менен бирге президент Владимир Путиндин Крымды Украинадан ажыратып алуу саясатын колдой турганын айткан болчу. 

Актёр Михаил Пореченков Донецкте Украина аскерлерине каршы атышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан