Президент Алмазбек Атамбаев 30-октябрда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушууда тараптар кыргыз-орусиялык кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги, интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу мамиле куруунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнү колдоо боюнча капиталы 1 миллиард доллар болгон кыргыз-орусиялык фонд түзүү тууралуу макулдашуунун аткарылышын да талкуулашканын президенттик аппараттан билдиришти.
Кыргызстан менен Орусиянын энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды.
Алмазбек Атамбаев эки тараптуу макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө жалпысынан канааттанганын, стратегиялык өнөктөштүктүн жана мамлекеттер ортосундагы достук маанайында өлкөгө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн орусиялык тарапка ыраазычылык билдирди.