Быйыл 3-ноябрда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт. Муну бүгүн, 31-октябрда президенттик аппараттан билдиришти. Жыйында төмөнкү маселелер каралат:
1. 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү;
2. Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу.