Бүгүн, 31-октябрда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бир топ аймактык чиновникти кызматтан четтетүүнү сунуштады.
Анын айтымында, республиканын айрым аймактары кышка даяр эмес. "Бул көйгөйдүн алдын ала албаган кызматкерлерге сөгүш жарыялап, кээ бирин кызматтан кетирүү туура. Мисалы, Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарларын, Исфананын мэрин кызматтан бошотууну сунуштайм. Өзгөн, Баткен, Лейлек, Ала-Бука райондорунун башчыларына сөгүш жарыялоо керек",- деди ал.
Т.Сарпашев мындай сунуштарын өкмөт өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгына ылайык деп түшүндүрдү. Мындан тышкары ал буга чейин айрым чиновниктерге сөгүш жарыялгандыгы эч кандай пайда алып келбегендигин баса белгиледи.