Төрөбай Зулпукаров өкмөткө Бажы биримдигине кирүүдөгү мыйзам долбоорлорун тездетүүнү айтты

Бүгүн, 31-октябрда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров өкмөткө Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу бардык мыйзам долбоорлорун тезирээк даярдап берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, тийиштүү 33 мыйзам долбоорунун 16сы гана тапшырылды. "Аларды парламентте кароо ушул жылдын 10-декабрына белгиленген. Тилекке каршы, мыйзам долбоорлорунун жарымы гана даярдалыптыр. Жаңы жылды биз Бажы биримдигинин толук укуктуу мүчөсү катары тосушубуз керек. Өкмөт бул багытта өз ишин тездетиши туура. Ошондуктан 10-декабрга чейин баарын бүтүрүп бергиле",- деп кайрылды өкмөт башчысына Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан