Бишкекте бүгүн, 31-октябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жана Араб өлкөлөрүн өнүктүрүү жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Араб координациялык тобунун 2-инвестициялык форуму өтүүдө. 1-инвестициялык форум 5 жыл мурун өткөнүн, кийинки форумду уюштуруу ар кандай себептерден улам артка жылганын айткан Сарпашев: "Биринчи кезекте бул 2010-жылкы окуяларга жана өкмөт курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Биз мындай иш-чаралар такай өтүп, ал эми биздин ортобуздагы кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлөт жана анын негизги көрсөткүчү катары ишке ашырылган долбоорлордун саны болуп эсептелет деп ишенебиз",- деп билдирди.
Биринчи вице-премьер араб фондунун өкүлдөрүнө долбоорлорду кунт коюу менен карап чыгып, аларды каржылоо мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады. "Өкмөт өз кезегинде жактырылган инвестициялык долбоорлор боюнча өз убактысында кол коюуга жана аларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө колдон келген күчүн жумшамакчы",- деди Сарпашев.
Өкмөт тарабынан Араб координациялык тобуна 1 миллиард 131 миллион доллар суммасындагы 23 инвестициялык долбоор сунушталганы айтылды. Долбоорлордун айрымдары инфраструктураны өнүктүрүү, Баткен облусунда суу сактагычты куруу, сугат каналдарын жана автожолдорду куруу жана башкаларга багытталган.