Жоомарт Оторбаев статс-катчылардын милдеттерин кеңейтүүчү мыйзам долбоорун толук даяр эмес деп тапты

Бүгүн, 31-октябрдагы өкмөт жыйынында "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык, мекемелердин статс-катчыларынын милдеттери бир топ кеңейтилет.
Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Олег Тарбинскийдин айтымында, статс-катчылар башкы жетекчи катары стратегиялык план түзүү, көзөмөлдөө, баа берүү, мониторинг жана коррупцияга каршы милдеттерди аткарышат.
Жыйындын жүрүшүндө бул мыйзам долбооруна өкмөт өкүлдөрү тарабынан бир топ суроо, сын-пикир айтылды. Мындан улам премьер-министр Жоомарт Оторбаев аны толук даяр эмес деп, мамлекеттик комиссия тарабынан дагы карап чыгууну буюрду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан