Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
“Урматтуу маданият кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Кыргыз эли тарыхтын узак жолун басып өтүп, кайталангыс салт-санааны, көөнөрбөс маданиятты калыптандырган. Кылымдап түптөлгөн маданий мурастарыбызды кийинки муунга жеткирүү боюнча жооптуу милдет сиздерге, маданият кызматкерлерине жүктөлгөн. Үстүбүздөгү жыл кыргыз маданияты үчүн олуттуу окуяларга бай болду. Жыл башында "Манас" үчилтиги ЮНЕСКОнун адамзаттын маданий мурастарынын шедеврлеринин атайын тизмесине катталды. Байыркы доордо Чүй өрөөнүндө жайгашкан Невакет, Суяб жана Баласагын шаарлары дүйнөлүк маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтери катары таанылды. Кыргыз элинин таланттуу демократ акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналып быйылкы жыл түрк дүйнөсүндө "Токтогул жылы" деп жарыяланды.
Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жергебизде уюштуруп, улутубуздун рухун чагылдырган кайталангыс салттарды, маданиятыбызды сактап келе жаткандыгыбызды шаңдуу оюндар, спорттук мелдештер аркылуу дүйнө коомчулугуна далилдей алдык. Ушул жакшы саамалыктар Манас руху, айкөл атабыздын касиети, кыргыз элинин ооматы келгенин ырастап турат. Кийинки милдетибиз - улуттук маданияттын руханий күчүн эгемендүү Кыргызстандын жаркын келечегине багыттоо. Маданиятыбыз, адабиятыбыз, искусствобуз элибизге дем берип, келечекке ишеним менен кароого, мамлекетибизди өнүктүрүүгө өбөлгө болууга тийиш.
Өткөөл мезгилдеги турмуш оорчулугу маданий деңгээлибизди аксаткандыктан, жаштардын жүрүм-турумун, көз карашын калыптандырууда учурда маданият кызматкерлерине мурдагыдан да көп милдеттер тагылып жатат. Утурумдук кыйынчылыктарга моюн бербей, сиздер элибиздин кылымдар бою мыскалдап чогулткан маданий мурастарын сактап, келечек муундарга жеткирүү менен калкыбызды жаратман эмгекке жана руханий тазалыкка, жакшылыкка жана бийик адамкерчиликке багыттай бересиздер деп ишенем.
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм".
Айта кетсек, өлкөдө Маданият кызматкерлеринин күнү жыл сайын 2-ноябрда белгиленет.