Токтогулдуктар электр энергиясын 2 эсе арзан берүүнү суранышууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 1-ноябрда иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Шайлоолорду ачык, таза өткөрүү элдин бийликке болгон ишенимин арттырып, коомдогу стабилдүүлүктү камсыз кыларын айткан парламент жетекчиси бүгүнкү мамлекеттик саясаттын бири ушул багыт экенин билдирди. “Шайлоочулардын тизмесин так түзүү, добуш берүүлөрдүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү, добуш берүүлөрдү эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу үчүн жаңы шайлоо технологияларын шайлоо процессине киргизүү иштери жасалууда. Бул аракет Кыргызстан мындан ары революциялык жол менен эмес, эволюциялык жол менен өнүгүшүнө, бийлик да өзүнүн конституциялык мөөнөтүндө шайлоо жолу аркылуу алмашышына жол ачат”,- деди спикер.

Төрага энергетикадагы көйгөйлөр жана Кыргызстандын энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетишин камсыздоо үчүн Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭС каскады, “Датка”, “Датка-Кемин” көмөк чордондору сыяктуу ири долбоорлор ишке аша баштаганын билдирди. Ошондой эле газ менен энергетика тармагын өзүнчө бөлүү саясаты жүргүзүлүп жатканын, өкмөттүн энергетика жаатында узак мөөнөттүү саясаты болушу керектигин белгиледи. Кыргыз тилине өзгөчө көңүл бурулуп, бул тармакта атайын программа кабыл алынганын маалымдаган төрага мамлекеттик тилди билүүгө бардык шартты түзүү менен катар ар бир жаран болбоду дегенде чет тилдеринин бирин билиши керектигин айтты.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар Токтогул суу сактагычына компенсация иретинде каралган 43 миллион сомду көтөрүү, район калкы үчүн электр энергиясынын баасын өздүк баасында же азыркыдан эки эсе арзан баада берүү, жайыт маселеси, сугат суу, жөлөк пул берүүдөгү кемчиликтер, жерди трансформациялоого байланышкан маселелерди көтөрүп, тийиштүү жоопторду алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан