Тармактык комитет алдыдагы жылдарга карата бюджеттин болжолу жөнүндө мыйзам долбоорун кароодон баш тартты

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети бүгүн, 3-ноябрдагы жыйынында алдыдагы жылдарга карата бюджеттин болжолу жөнүндө мыйзам долбоорун кароодон баш тартты. Комитет мындай чечимди жыйынга каржы министри Ольга Лаврованын катышпаганынан улам кабыл алды. 

Депутат Талантбек Узакбаев бул маселени министрсиз кароого болбой турганын айтты. Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов дыйкандарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатканын кошумчалап: “Биздин мамлекет - агрардык мамлекет, бирок дыйкандарга эч ким мамлекеттик деңгээлде көңүл бурбай жатат”,- деди. Ал эми каржы министри Ольга Лаврова башка комитеттин жыйынына катышып жатканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан