“Кыргызстан өнүгүүнүн өткөөл мезгилин башынан кечирүүдө жана биз Араб координациялык тобунун колдоосуна кызыкдарбыз. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү алкагында республика жагымдуу инвестициялык аянтка айланууда, аны менен катар соода-экономикалык, каржылык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды кеңейтүү келечеги бар",- деди Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр мындай пикирин 1-ноябрда Араб координациялык тобунун делегациясын кабыл алууда айтты.
Тараптар биргелешкен долбоорлор тууралуу пикир алышты. Премьер-министр белгилегендей, бардык долбоорлор тенденцияны эске алуу менен Кыргызстан экономикасынын шарттарына ыңгайлаштырылышы тийиш.
“Биз Араб координациялык тобунун институттары менен тажрыйба-билим алмашууга, техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,- деп кошумчалады Оторбаев.