Кыргызстандагы диний абалды көзөмөлдөө күчөйт

Кыргызстандагы диний абалды мамлекет тараптан көзөмөлдөө күчөйт. Муну 3-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирип, бул жаатта тийиштүү концепция иштелип чыкканын маалымдады. Аталган документте "светтик мамлекет" деген түшүнүк боюнча так маалымат берилгенин айткан президент мамлекет өзүнүн жарандарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин кошумчалады. "Бул концепция Мамлекетти бекемдөө жылында кабыл алынганы жатканын белгилеп кетким келет",- деди өлкө башчы.
Айта кетсек, кеңештин бүгүнкү жыйынында өлкөдөгү диний кырдаал жана чек ара маселеси каралууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан