Коргоо кеңешинин 3-ноябрдагы жыйынында президент Алмазбек Атамбаев кыргыздын баатыры Манасты Кудайга каршы койгондорду сындады. "Манасты Кудайга каршы койгон молдолор бар, булар кыргызды тамырынан ажыраткысы келгендер деп эсептейм. Айрым диний активисттер Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына Манастын эстелигин коюуга каршы чыгышкан. Кыргыздын улуттук баалуулуктары бар. Алар жөнүндө сөз кылганда калпак, комуз, Манас көз алдыбызга тартылат",- деди мамлекет башчы.
Алмазбек Атамбаев кыргыз тилин арабдаштыруу тууралуу да нааразычылыгын айтты. "Радиоберүүлөрдүн биринде алып баруучу "халал" кыргызча "адал" деген сөз экенин, "адал" деп колдонсо болорун айтса, берүүгө катышып жаткан молдо Курандын тилинде сүйлөп, "халал" деш керектигин айтат. Биз эмне, араб тилине өтүшүбүз керекпи? Тилин жоготкон эл - эл эмес",- деди президент.